www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы С.С.Касманбетовго жана президентинин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Ч.Абыкеевге кайрылуу.

Урматтуу Сүйүнбек Сапарбекович, Урматтуу Чолпонбек Абыкеевич!

Президент С.Н.Жапаров: «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол коюп, ал ММКларда жарыяланып, интернет айдыңында орун алгандан кийин ал жарлыктын иштөө принциптерин мыйзамга, салтка ылайыкташтырып окумуштуулар, аксакалдар, жазуучулар ашкере ыгым-чыгымды азайтуу, салтанат кылбоо, кыз узатуу тоюнда түштөнүү ж.б. адаттарды жок кылуу, карызга батпоо, байлыгына мактанбоо, атаандашып көп мал союуга тыю салуу, дасторконду титиретип ар түрдүү салаттар, жемиштер, конфеттер менен толтурбоо ж.б. «аш көп болсо каада көп» деп аталган салтка тиешеси жок тескери адаттарды жоюп таштап, атайын жобо кылып иштеп чыгып, анан шаардык, райондук, айылдык бийликтер жарлыкты кеңири массага реализациялап-таратып, тушүндүрүп, жайылтып жеткире электе эле ата-бабалар тутунуп келген ханафий мазхабдын жолунан адашкан бир ууч радикал исламчылардын деми менен жарлыктын маани-маңызына маани бербеген, юридикалык статусу Кыргызстандагы он миңдеген коомдук уюмдардын бири болгон Кыргызстан мусулмандарынын башкармасы (Муфтият) деген коомдук уюм динди пайдалануу менен, өз уставынын чегинен чыгып, Конституцияны жана колдонуудагы мыйзамдарды бузуп, жалпы өлкөнүн элине кыргыздын салтына жана мыйзамга каршы келген араб маданиятына тишелүү эрежелерди динге жамынып, таңуулап президенттин жарлыгын ачык эле бурмалоого киришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости