www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Убагында Атамбаев «Кыргызгазды» бир долларга сатып жатканда биз, көчө оппозициясы каршы чыгып, митингдерди кылып, камалып, соттолгонбуз», – деп билдирди кечээ, 18-январда Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу.
«Биз ошондо Атамбаевге «Кыргызгазды» сатпаңыз дегенбиз. Аны жок дегенде 3 компанияга: «газ изилдөөчү», «газ өндүрүүчү» жана «газ бөлүштүрүүчү» бөлүп, ошонун негизгисин калтырып, калганын аукционго чыгаруу сунушун да бергенбиз.
Тилекке каршы, эч кандай аракеттерди көрбөй, Атамбаев өзүнүн жансакчы, шоопурлары менен биргеликте «Кыргызгазды» 1 долларга сатып жиберген. А бүгүнкү күндө кыргыз эли газды Борбор Азия гана эмес, Евразия чөлкөмүндө эң кымбат баада сатып алып жатат.
Эгерде убагында баарыбыз чогуу чыгып, мамлекетибиздин байлыгын сактап калганда, бүгүн мындай болмок эмес.
Бүгүн биздин балдар кара түтүнгө ууланып жатат. Себеби, убагында Атамбаев Кыргызгазды» 1 долларга сатып жиберген. 1 долларга сатып жатканда Кулмурзаевге окшогон Атамбаевдин достору, жан-жөкөрлөрү миллионер болуп кетишкен. Мунун барын иликтеп, тактап чыгыш керек», – деди ал.
Ошондой эле, ал УКМКнын жана Финполициянын төрагасына кайрылып, «Кыргызгаз» боюнча кылмыш ишин козгоону суранды.
Булак: NazarNews.kg