www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын, 4-мартында Ош шаарында мебель сатуучу менен кардардын ортосунда жаңжал болгон. Окуя мындай болгон. Кардар аял магазинге келет. Соодалашуу учурунда баа үчүн келише албай уруша кетет. Аял, сатуучуга кыйкырып баштайт. Сатуучу аялга мебелин сатуудан баш тартып, чыгып кетүүсүн талап кылат. "Мебелди күч менен алып кетем деп талашат. Сатуучулар бербей койсо, аял магазиндин ичинде турган ноутбукту көтөрүп чыгып кетет. Кардар күйөөсүн чакырып, ал достору менен келип сатуучуну сабап, өз алдынча жазалап коет.  Анысы аз келгенсип магазиндин ичине болжолдуу 6-7 жаштагы кызын тосуп, сийдирип коет. Жабырланган сатуучу арыз менен кайрылса, ушул убакытка чейин милиция карабай, чара көрбөй "өз алдыңарча жарашып, чечишип алгыла",-деп жатыптыр.

Ал, бейбаш аялы менен күйөөсү өтө таасирдүү адамдар экен, "колуңардан эч нерсе келбейт",-деп жатыптыр.

Жакында, президент "адилетсиздик болгон жерге кийлигишем. Айрыкча укук коргоо органдарына",-деп айтканы бар. Келгиле ушул окуяга президенттин көңүлүн бурабыз. ИИМ министри дагы түз кийлигишүүсүн талап кылабыз!

Мындай чоң муштум малдарга катуу жаза берилиши керек. Кандай кызматта отурганы, таасирине карабай.

Маалымат Дайыр Орунбековдун баракчасынан алынды:

Илимбек Исраилов, NazarNews.kg

Последние новости