www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы кыргыз жарандары медициналык кароодон өтүү үчүн узун кезек күтүп убара болушууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда жеринен кабарчыбыз билдирди.

«Орусиядагы жаңы мыйзамга байланыштуу медициналык текшерүүдөн өтүү - биздин жарандарга ушунчалык кыйынчык жаратууда. Москва шаарынан 100 чакырымдай алыстыктагы Сахарова шаарчасына барып өткөндүгү аз келгенсип, 6000 рубль акча төлөшөт. Кезек жетпей калса, эртеси дагы жумуштан калып, барууга туура келет», - деди кабарчыбыз.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын элчилиги Москванын миграциялык борборлорунда узун кезекке туруу көйгөйүн чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Орусия тарапка кайрылган.

Эске салсак, Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин 26-январдагы маалыматына ылайык, 17 мекемеге барып медициналык кароодон өтүүгө болот. Ошондой эле белгиленген үч айлык мөөнөт документтерди ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн каралган. Бул ар үч ай сайын текшерүүдөн өтүп туруш керек дегенди түшүндүрбөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости