www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын АКШга карата жообу жарыяланды

Россия коопсуздук кепилдиги тууралуу АКШ даяр болбосо аскердик-техникалык чараны ишке ашырууга мажбур болорун жарыялады. Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылган АКШнын Москва элчиси Жон Салливанга Россия менен АКШнын ортосунда коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишим долбооруна байланыштуу мындан мурда да Вашингтондун берген жообуна Москванын каршылыгы 11 беттик жазуу менен билдирилди.

АКШнын коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу жоопту камтыган билдирүүдө келишим долбоорунун негизги элементтерине АКШнын  конструктивдүү жооп бербегендиги билдирилди. Маалыматта: «Россия чек араларына жакын жерлерде күч алган АКШ жана НАТОнун аскердик иш-аркеттери тынчсыздандырып, негизги коопсуздук кызыкчылыктарыбыз менен Россиянын аларды коргоо тууралуу эгемендүү  укугу эске алынбай жатат», - деп бидирилди.

Россиянын жериндеги белгилүү аймактардан аскерлердин чыгышына карата акыркы талаптар жана санкция коркутууларынын кабыл алынгыс экендиги баса белгиленген маалыматта бул коркутуулардын чыныгы келишимдерди түзүү үмүтүн жок кылгандыгы билдирилди.

АКШ менен союздаштарынын күздөн бери расмий деңгээлде Украинанын Россиянын басып аларын жарыялагандыгы эске салынган маалыматта: «Россиянын басып алуусу деген нерсе жок, пландалган эмес", - деп жазылган.

«АКШнын Түштүк Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Балтикада жайгаштырган бардык аскердик бөлүктөрдү жана куралдарын чыгарышында катуу турабыз», - деп билдирилген маалыматта НАТОнун да чыгышка карай кеңейүүсүнөн баш тартышы үчүн союздаштык мүчөлөрүнөн атайын сунуштарды күткөндүгү билдирилди.

Маалыматта АКШнын өзөктүк куралдардын улуттук аймактарга алып барылышына карата сунушка жооп бербегендиги белгиленип, орто жана кыска аралыктуу ракета темасынын АКШ менен Россиянын ортосундагы стратегиялык туруктуулук тууралуу алдыңкылык берилген бир маселе катары каралгандыгы билдирилди. Маалыматта акыркы болуп: «АКШ жана союздаштары Россияны чектөө саясатынан баш тартып, саясий-аскердик абалдын чыңалууну азайтуу үчүн так чаралар көрүлүшү керек», - деген чакыруу салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости