www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубановдун үйүн тоноп кетишти. Бул туурасында өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында окуя 19-майга караган түнү болгон. Алар уктап жатканда уурулар үйдөн акча каражатын жана техникаларды уурдап кетишкен.
Кубанов милицияга кайрылганын белгилеп: “Мен укук коргоо органдарына расмий арыз менен кайрылдым. Бирок азырынча алардан жыйынтык күтпөй элемин, себеби чакыруудан кийин 2 саатта келишти. Акча же техника бул маселе деле эмес, мага эң башкысы макбукту кайтарып беришсе жакшы болмок. Ал жакта көптөгөн материал жана документтер бар болчу”,- деп жазган Кубанов.
Булак: NazarNews.org