www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айрым сөздөрдү туура эмес айтып алганы үчүн сын-пикирлерге кабылып келген. 18-майдагы жыйында да Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин аты-жөнүн туура эмес окуганы үчүн кайра талкууга түштү. Бул тууралуу Илим Карыпбеков төмөнкүдөй билдирүүсүн жазып чыкты. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Тазабек Икрамович! Чындап эле Сизди чын дилимден жакшы көрүп калдым. Айрым кесиптештериңизди 5 жылда мыйзам жазмак турсун, жүзүн көрбөй деле өтүп кеттик. А сиз ак көңүл, ачык, жөнөкөй, карапайым, ичинде кири жок, өзүңүз айтмакчы эки жүздүү эмес, семиз эмес, даже кыйшык дагы эмес, болгонун болгондой каканаес бетке айткан молодес жигит экенсиз ыйолкиники десе! Сиз жок бул созыв эки эмес, үч жүздүүрөк, мындан дагы семизирээк, кыйшыгыраак болмок болуш керек!
А тиги Жунушали Кашгаро Астаканович боюнча капа болбоңуз, ал жерде сиздин дагы, сиздин жардамчыңыздын дагы күнөөсү жок. Эл былжырап сүйлөй берет, көңүл бурбаңыз. Ал жерде күнөөнүн баары өткөндөгү желмогуздай болгон шаардын алтындай эле министрдин атында. Кетириш керек мындай түшүнүксүз аты бар министирлерди чорттуку десе жакшынакай болгула калп эле өзүңөрдүн немеңерди качайтете бербей деп туруп. Түшүнүксүз аттуу министрлер түшүнүктүү деле иш жасап жыргатпайт!", - деп жазган Карыпбеков.

Булак: NazarNews.org

Последние новости