www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өтө жай ишке ашырылып жаткан ЕАЭБдин Санариптештирүү күн тартиби кызматташуунун маанилүү аспектиси болуп саналат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

Мамлекет башчысы өндүрүштүк кызматташтыкты санариптештирүү, товарлардын санариптик көзөмөлүн түзүү, электрондук эмгек биржасы, ошондой эле санарип транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан демилгелер дагы эле ишке ашырыла электигин белгиледи.

«ЕЭКке Санариптештирүү күн тартибин ишке ашыруу боюнча процесстерди активдештирүүнү тапшыруу зарыл. Биримдик жаңы технологияларды киргизүүгө, биринчи кезекте товарларды көзөмөлдөөгө жана маркерлөө кылууга көмөктөшүүсү керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия тарапка Кыргыз Республикасында товарларды маркерлөө системасын курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү.  Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости