www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  3-4 чакырылыштарынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков жалпы кыргызстандыктарга жана кыргыз бийлигине өзүнүн сунушун билдирди.

"Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө коронавирус оорусунан кутулдук деп айтуу кыйын. Себеби, кечээ күнү Covid-19 инфекциясын жуктурган жаңы 78 учур катталды. Бул эң жогорку көрсөткүч. Бүгүн болсо дагы 27 адамдан аныкталып, республика боюнча коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 1243гө жетти. Анын ичинен борбор шаарыбыз Бишкекте 300дөн ашты.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган, коронавирус илдети чыккандан баштап көптөгөн жарандарыбыз Россиядан, Европадан, Түркиядан, Эмираттан жана башка мамлекеттерден бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүзгө кайтарылып жатат. Тилекке каршы, акыркы күндөрү ооругандардын көпчүлүгү ошол чет жактан келген жарандарыбыздан аныкталганына күбө болуудабыз.

Өкүнүчтүүсү, мекендештерибизде бул дүйнөлүк илдет боюнча жана Кыргызстандагы абал жөнүндө толук маалыматтын жетишсиздиги байкалып жатат. Ошого байланыштуу бийликке айтаар сунуш-пикирим:

Биринчиден, элибиздин арасында коронавирус оорусуна ишенбегендер жана коркпогондор көбөйдү. Ошондуктан, ал илдетке кабылып бул жашоодон өтүп кеткен жарандарыбыздын, керек болсо жерге берүү зыйнатын, аты-жөнү менен көрсөтүп, оору жугуп, ооруканада жаткандардан интервью алсаңыздар. Ошондой эле кандай, кайсыл даарылар менен, эмне кылып айыктырып жаткандарыңыздарды маалымат катары теле-радио жана башка массалык-маалымат каражаттары аркылуу ачык-айкын берсеңиздер жакшы болмок. Өкмөттун пресс борборунан, бир оорулуну даарылоого 3 000 доллар кетет экен деген маалыматка эч ким ишенген жери жок. Бийликтегилер ушул жаман оорудан дагы жешет экен деген ойлор көбөйүүдө. Эмне үчүн республикалык штаб, же Саламаттык сактоо министрлиги, бир адамдын дарылануусуна орто эсеп менен канча акчага кандай даарылар жана башка чыгымдар кеткенин тагыраак, далили менен маалымат бербейсиздер? Ал эми, бул коркунучтуу илдет менен Россия, Америка, Европа мамлекеттеринде кандай күрөшүү жүрүп жатканын (өлгөндөрүнөн өйдө) ММКда ачык көрсөтүүдө.

Ошол себептен, борбор шаарыбызда толук кандуу информациянын  жоктугунан, эч нерседен коркпой эле, көп тургундар маскасыз эле, эрежелерди сактабай, балдарын эрчитип көчөлөрдө, базар-дүкөндөрдө жүрүшөт. Коронавирус бүткүл дүйнө жүзүн трагедияга алып баратканына маани бербегендер көп.  

Ишенбөөлүктөн жана ар кандай жетишпегендиктерден, кызуу кандуулукка алдырып, кээ бир жарандарыбыз тараптан, күнү-түнү эмгектенип жаткан дарыгерлерибизге дагы кол көтөрүүлөр болгонуна баарыбыз күбө болуп турабыз. Ага мисал катары, Бишкектин четиндеги мурунку америкалык авиабазасында жайгашкан обсерваторияда болгон бунтту айтсак болот.

Экинчиден, көпчүлүк ишканалар, мамлекеттик мекемелер, эл аралык уюмдар, аэропорт, вокзалдар баардыгы борбордо жайгашкан жана жүк ташуучу унаалар Бишкек шаары аркылуу өтүп жатат. Ошондой эле 1 миллиондон ашык жарандарыбыз калаабызда жашайт. Жогоруда айтылгандарды эске алып, мамлекетибизде эң баалуу болгон элибиздин ден-соолугун ойлосок, жолдор ачылып, коомдук транспорт ишке киргизилген күндө дагы, Бишкек шаарынын четиндеги карантиндик-санитардык постторду жойбостон, күчөтүлгөн тартипте иштерин улантсаңыздар. Себеби, коңшу мамалекеттерде дагы коронавирус күч алып турган кез. Республикабыздын башка шаар-райондорунда дагы бул проблема актуалдуу бойдон калууда. Андан тышкары, чет мамлекеттерден миңдеген мигранттарыбыздын өлкөбүзгө кайтуусу дагы жана аларды текшерип, дарылоосу дагы Бишкекте болоору анык.

Үчүнчүдөн, окурмандардан суранаарым: Ар бирибиздин, бала-бакыра, тууган-туушкандарыбыздын, эл-журтубуздун ден-соолугу, мамлекетибиздин келечеги, азыр өзүбүздүн колубузда экенин эске алып, жеке жоопкерчилигибизди унутпасак. Ушул оор кырдаалды темирдей тартиптүүлүк менен, мыйзамга баш ийип, тиешелүү норма-талаптарды так аткарып, ынтымакта бул илдетти жеңелик! Колубуздан келишинче бири – бирибизди колдоп, сабырдуулук менен, боорукерлик көрсөтүп, кардарларга моралдык жана материалдык жардам кылалык", - деди Кубанычбек Исабеков сунушунда.

Булак: NazarNews.org

Последние новости