www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  жарандык активист Самсаалы Четинбаевди кепке тартып, саясаттагы айрым маселелер боюнча пикир алыштык.

--Самсаалы мырза, кечээ Атамбаевдин балдары жана тарапташтары “Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов камалсын” деген ураандар менен Биринчи май райондук сотунун алдына чыкты. Булар туура эле маселе көтөрүштүбү же аша чаап кетиштиби?

--Атамбаевдин тарапташтарынын же болбосо уулу Сеид Атамбаевдин түз эле “камалсын” деп чакырык таштаганы жеткен аша чапкандык. Алар, бир беткей “Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов камалсын” дегидей эмне алар сотпу? "Текшерилсин" деп, талап кылса да бир аз болбосо дагы биртике жарашат эле. Биз, жарандар, же саясий топтор, кандай позицияда болсок да баарын мыйзам чегинде талап кылганды үйрөнүшүбүз керек. Мындай жоосунсуз жорукту токтотушубуз керек.

--Кечээ өкмөт Жазык кодексиндеги аткезчилик үчүн кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү пунктту жоюп салууну сунуш кылды. Аны парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети биринчи окууда талкуусуз жактырды. Бул берене кимдир бирөөлөр үчүн атайылап кодекстен алынып жаткан жокпу?

--Эгер мындай көрүнүш орун алган болсо, анда бул жакшы нерсе эмес. Элдин талап кылганына карабай коррупция менен күрөшүү алгылыктуу деңгээлде жүрбөй жаткан чакта өкмөттүн Жазык кодексин өзгөртүү киргизүү аракети осол иш  катары бааланышы керек. Аткезчиликке жол ачпай тескерисинче ага  карата жаза күчөтүлүшү керек. Тагыраагы, жаза оорлошу керек, жеңилдеши керек эмес.

--Өткөн жумада шайлоо босогосун 7 пайыз болсун деген мыйзам парламентте каралган. Бүгүн болсо аны 5 пайызга түшүрүүнү сунуштаган  мыйзам каралууда. Шайлоо босогосу канча пайыз болсо, реалдуу болот?

--Президент кайсынысын колдойт билбейм. Бирок, шайлоо босогосу менин жеке пикиримде 5% болгону дурус болмок. Мамлекетибизде болуп жаткан жагымдуу да жагымсыз да көрүнүштөр шайлоого тикелей көз каранды. Жалаң олигархтар парламентке толуп албасын, Жогорку Кеңешке ылдыйкы жана орто катмардын өкүлдөрү да келсин, көз караштардын, пикирлердин жарышы (конкуренциясы) болсун десек, анда шайлоо эрежелерин жөнөкөйлөтүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости