www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Макроэкономикалык туруктуулукту колдоо жана бизнеске бирдей шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу — ЕАЭБ экономикасынын ийгилигинин негизи», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бирдиктүү экономикалык биримдикте айкалышкан өнүгүү жана экономикалардын жакындашуусу чоң мааниге ээ болушу керек.

Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларын жана бизнесин колдоонун биргелешкен чараларын кабыл алуу боюнча ишти посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков учурдагы оңой эмес мезгилде Биримдиктин башка өлкөлөрдөгү жарандарына колдоо көрсөтүүнүн маанисине да токтолду.

«Бүгүнкү кырдаалда жарандардын мекенине кайтып келүүсү үчүн жагымдуу транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү маанилүү», — деп өзгөчө белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видео-конференция режиминде болуп өттү.

ЖЕЭКтин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри саналат.

ЖЕЭКтин жыйынына байкоочу өлкөнүн башчысы катары ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости