www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-сентярь күнү Минскиде  «Баатырлардын жүрүшүнө» 100-150 миңдей киши чогулганы кабарланууда. Ички иштер министрлиги түш ченде 250 киши кармалганын билдирди. Аларга тыюу салынган кызыл-ак желекти жана "акарат келтирген баннер" көтөрүп жүрүшкөн деген айып тагылууда.

"Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, жүрүштүн катышуучулары бир нече колоннага бөлүнүп, алардын бири президент Александр Лукашенконун резиденциясы жайгашкан Дрозды айылына багыт алды.

Беларустагы акциялар 9-августтагы президенттик шайлоону мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Шайлоо бурмаланган деген оппозиция жана демонстранттар президенттин отставкасын талап кылышууда. Акциялар тартип коргоо, коопсуздук органдарынын зомбулугу менен коштолуп, бери дегенде төрт киши каза тапты, алтоо дайынсыз болууда, жүздөн ашууну жабыркады. Канчасы кармалганы белгисиз.

14 сентябрда Лукашенко Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенүүдө. Бул шайлоодон кийинки алардын алгачкы жолугушуусу болот. Батыштагы айрым мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости