www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү эле Мирлан Алыкулов деген катардагы ырчы, “Биздин президент Өмүрбек Бабанов”, деп ырдаган ыры социалдык тармакта каттуу талкууга алынып, көптөгөн адамдардын кыжырдануусун жараткан.

А дегенде эле: -Эмне Атамбаев президент эмеспи. Бул бала мамлекетти ким башкарып жатканын билбейби? Бул эмне деген шумдук”, - деген пикирин “Аргумент” маалымат сайтынын жетекчиси Темирлан Бекботоев билдирген эле.

Андан сырткары “Мен билгенден ал чырдай алат, бирок ырдай албайт. Анан ошол белгисиз ырчы калың элдин атынан "Бабанов биздин президент" деп ырдаптыр". Алыкулов ырындын текстин “срочно оңдоп жазып ырда же өчүрт. Биздин президент азыр жаманбы, жакшыбы ал Атамбаев! Ыр чыгарганда ойлонуп анан чыгарышпайбы? – деп боздогон Темирлан Бекботоев.

Бүгүн эле соц тармактарда Өмүрбек Бабановго каршы “Өмүрбек Бабанов накта аферист” деген ыр саптар менен камтылган ыр, “ат тезегин кургатпай” жаралды.

Мындай карама-каршылыктар кыргыз уулдарынына болгон сый урамттын жоктугу же кайрадан “кара пиар” же президенттик шайлоого карата эрте секирик кылып алгандын зыяны...

Канткен күндө дагы Өмүрбек Бабановго ийгилик каалайбыз, белгилүү адамдар менен кошо кара пиар чогу жүрөт эмеспи...

Булак: NazarNews.kg

Төмөндө эки ырдын тасмасын тартуулайбыз:

Последние новости