www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин уулу Санжар Нариман уулунун Манас айылындагы үйүн милиция курчоого алды. Бул тууралуу жеринен Нариман Түлеевдин бир тууганы Нарынбек Түлеев NazarNews.kgге билдирди.

"Укук коргоо кызматкерлери соттун чечиминин негизинде аталган үй мамлекеттин эсебине өткөрүлүшүкерек экен. Бул үйдү Ташболот атам тирүү кезинде небереси Санжар Нариман уулуна өткөрүп берген. Бул эмне деген шумдук. Кыргызстанда чындык барбы? Булар Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз буйруктарын аткарып жатат", - деди Нарынбек Түлеев.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, сот аткаруучулар 20-июль күнү аталган үйдө жашагандарды мажбурлап чыгарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости