www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарында 2018-жылдын 27-сентябрында, болжол менен саат 18:30чамасында Чкалов орто мектебинин жанындагы аялдамадан аталган мектептин 4 “д” классынын окуучусу Мелисбеков Адильханды белгисиз бир аял менен эркек сага, ата-энеңе акча керекпи? Бизге бир бөйрөгүңдү берсең акча беребиз деп алдап, жулкулдатып бара жатканда, белгисиз адам жашы 30-35 чамасындагы жигит Мелисбеков Адильханды алардан ажыратып калган.
Ал Нарын шаары Шералиев көчөсү 150 кв. 2 үйүндө, кызыл түстөгү ауди 100 үлгүсүндөгү авто унаа менен баланы жеткизип барган.
Окуяга катышы бар адамдар изделээри тууралуу маалыматты VB.KG интернет сайты жазып чыкты.
Нарын облусунун ИИБнын маалымат кызматы бул маалымат териштирилип жатканын жана жакынкы убакта бул боюнча маалымат берилээрин билдирген.
Булак: NazarNews.kg