www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-сентябрда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өтүүдө.
Бул акция биринчи жолу эмес. Мурдарак үнүн өкмөткө жеткирүү максатын көздөгөн жарандар 24-августта, пандемияга байланыштуу насыянын үстөк пайызын жана үстүнө кошуп төлөнүүчү туумду алып салуу талабын коюп, 7 облустун жашоочулары БУУнун алдына чогулушкан.
Алар буга чейин көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү жактарга кайрылып келген. Бирок эч бир тарап жооп берген эмес.
Насыя төлөөдө кыйналган жарандар "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесине кайрылышкан. Аталган бирикменин жетекчиси Марипа Алыйкулованын айтымында, "Ар бир адам арыз жазып, өз алдынча бийликке жете албайт. Ошондуктан өлкө боюнча топтолуп, көйгөйдү өкмөткө чогу жеткиргенге аракет кылабыз", - деген бирикменин жетекчиси.
Акцияга чыккан жарандарга жооп болбогон соң бүгүн да Ак үйдүн алдында олтурушат. Алардын көпчүлүгү орто жаштан өтүп калган жана колуна бала көтөргөн жаш энелер.
Булак: NazarNews.kg