www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу тараган коркунучтуу видеолор кызуу талкууга жем таштады. Кадрларда африкалык ырым-жырымдарды жасап жаткан адамдар, белгилүү футболчулар — Неймардын ысымы жазылган футболкага ышкырык салып жана Криштиану Роналдунун сүрөтүн тебелеген көрүнүштөр бар.
Бул тасма дүйнө элинин оозун ачырып, көзүн чекчейтти. Интернет колдонуучуларынын арасында ар кандай пикирлерди жаратып, айрымдар аны «кара дуба» менен байланыштырса, башкалары жергиликтүү маданий салттардын бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин айтууда.
Көпчүлүк талкууларда сөз болуп жаткан «Жужу» (Juju) — Батыш Африкадагы айрым элдер арасында кездешкен салттуу ишенимдердин жана руханий ырым-жырымдардын жалпы аталышы. Бул түшүнүк ар кандай жөрөлгөлөрдү жана ишенимдерди камтыйт. Ошол эле учурда анын спорттук мелдештердин жыйынтыгына таасир этерин тастыктаган расмий далилдер жок.
Бирок, социалдык тармактарда айрым колдонуучулар видеолордо көрсөтүлгөн ырым-жырымдар белгилүү футболчулар Криштиану Роналду менен Неймарга да түздөн – түз таасир эткен болушу мүмкүн деген пикирлер басымдуулук кылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин да эл аралык футболдо мындай талкуулар бир нече жолу чыккан. Алсак, 2014-жылдагы дүйнө чемпионатынын алдында Криштиану Роналдунун тизесинен жаракат алары алдын ала айтылып, бул көрүнүштү дагы ар кандай ырым-жырымдар менен байланыштырып келишкен.
Учурда интернетте тараган видеолордун качан жана кайсы жерде тартылганы, ошондой эле алардын дүйнө чемпионаты менен түздөн-түз байланышы тууралуу расмий маалымат жок. Ошого карабастан, бул көрүнүштөр социалдык тармактарда кеңири кызуу талкууга алынууда.