www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөдө рак оорусу менен ооругандар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Нилуфар Алимжанова билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, аялдардын арасында жатын моюнчасы менен сүт бездеринин рагы аябай кеңири жайылып, статистиканын саны өсүп, коркунуч жаратууда.

“Ооругандардын көбү жаш кыз-келиндер жана статистика боюнча региондордон болуп жатат. Ушуга байланыштуу рак оорусуна каршы жумалыгы өтөт. Ушул жумалыкты 10-15 күндөн кылып, ар бир региондо өткөрсөк жакшы болот эле. Себеби ал жумалыкта эл көп болгондуктан 3-4 күн өткөрүүгө жетишпейт экенбиз. Менин суранаарым, ушул маселени протоколдук тапшырма кылып, чоң программа даярдап, ар бир регионго көңүл буруубуз зарыл. Аялдардын көбү рак ооруусуна кабылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Шаарыбыздын онкология борборуна барсак, таң атпай саат беште кезегин күтүп 50гө жакын аялдардын турганын көрөсүң”, - дейт депутат айым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости