www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ноокенде биринчи жолу МИСТЕLAND фестивалы өттү

28-август күнү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык “МИСТЕLAND” деген аталыштагы мисте фестивалы өттү.

Иш-чаранын максаты - Кыргызстанда өскөн мистени чет өлкөлөргө таанытуу, өлкөгө инвесторлорду тартуу.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азамат Эркебаев, жеке ишкерлер жана илим чөйрөнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.

“МИСТЕLAND” фестивалы Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Нурлан Шаршеналиевдин демилгеси менен уюштурулган.   

Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев иш-чаранын уюштуруунун максаты облус аймагында өстүрүлгөн мистени чет өлкөгө таанытуу, инвесторлорду тартуу, аянттарын туура пайдалануу менен кайра иштетүүнү жолго алуу экенин билдирди. Бул багыттагы көрүлгөн натыйжалуу аракеттер бюджетти арттыруу менен тургундардын да кирешесин көбөйтөөрүн айтты. Бүгүнкү жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулган мисте майрамы да ага чоң салым кошоорун, алдыда кайра иштетүү боюнча натыйжалуу долбоорлор каржылык колдоого алынаарын белгиледи.

Фестивалда сахна жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа орун алып, аймакта өстүрүлгөн мистенин түрдүү сорттору жана башка айыл-чарба азыктарынын көргөзмө жарманкеси менен уланды.

Көргөзмөдө аймакта өскөн мистенин түрдүү сортторунан тышкары жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштер, айыл чарба азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдары да коюлду.

Атайын жармаңке уюштурулуп, райондогу мисте токойдун мөмөлөрү коюлуп, жеңилдетилген баада элге сатылды. Алар 100, 200, 500 грамм өлчөмүндө атайын кутуларга салынып даярдалган.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мисте токойлорун жергиликтүү эл токой чарбалардан ижарага алып иштетет.

Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.

Иш-чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда "Кыргызстандын экономикасындагы жана климаттык өзгөрүүсүндөгү мистенин мааниси жана ролу" деп аталган эл аралык бизнес-илимий-практикалык форум болду.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары катышты.

Чет элдик адистер онлайн байланышка чыгып, мистени кандай багытта алдыга жылдыруу тууралуу ойлорун айтышты.

Фестивалдын жыйынтыгында аксакалдар ак батасын берип, келген коноктор иш-чара мамлекеттик деңгээлде уюштурулуганын айтып, көңүлдүү кайтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости