www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда болгон жарылууда үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жарылуу кечээ, 14-июнда, жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 30дан ашуун киши жабыркаган.

ТИМден билдиргендей, окуя болгон жер кыргызстандыктар жашаган аймакка жакын болгондуктан, аталган шаардагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жерине барып, ӨКМ кызматкерлери менен жолуккан.

"Жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги күйүк алган Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган. Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын бардыгы Ош облусунун тургундары. 53 жаштагы жарандын денесинин 20 пайызы күйгөн. Дарыгерлер анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышкан.

20 жаштагы экинчи жарандын денесинин беш пайызы күйгөн. Ооруканада медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Жабыркаган үчүнчү кыргызстандык 33 жашта. Денесинин жети пайызы күйгөн. Алгач шок абалында болгондуктан кырсык болгон жерден кетип калган. Кийинчерээк Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды.

Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери жарандар менен жолугушуу өткөрүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын документин калыбына келтирүүгө аракеттерди көрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости