www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет ишкерди камап эмес, ири өлчөмдө айып пул салып жазалашы керек. Мындай пикирин Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев жергиликтүү маалымат каржаттарына билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекстер боюнча экономикалык кылмыштардын түрлөрү 23%га өсөт. Бул ишкерлерди камоо учурлары көбөйөт дегендик.

--"Ишкерди камап салса, анын бизнеси токтойт,  мамлекетке салык төлөнбөй калат, жумуш орундар кыскарат. Ал түрмөгө түшкөндөн кийин ал жакта башка мыйзамдар иштеп баштайт. Ишкер ал жактын талабын биринчи кезекте камсыз кылат, ошондуктан  мамлекет утулуп калат. Андан тышкары мамлекет түрмөдөгү ар бир адамды кармап туруу үчүн канча бир миң сом коротот. Андан көрө экономикалык кылмыш кылган адамга 2-3 эсе айып салуу керек. Ошондо ишкер эмки жолкусунда андай кылмышка барардан мурун ойлонот. Эң башкысы, анын эркиндиги калып, ишин алып бара берет", — дейт Бизнес-Акыйкатчынын орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости