www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чубак чыныгы шейх ашынган аалым болгондо, ал өзү айткан короно-мароно вирустан дүйнө салбайт болчу. Бул тууралуу журналист Мелис Арып-Бек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ортого ой жүгүртүүгө жем таштасам болобу Замандаш?

Сөздүн учуру келип турганда, аны айтпасаң, атасы өлөт! – кыргыз эл макалы.

Арабызда бир башкача ой жүгүрткөн накта Дервиш бар. Анын аты да заты да Темиралы Кунашев. Чынын айтсам, басып жүргөн тирүү Энциклопедия. Өзгөчө, ислам дин багытындагы, буга окшоп ой калчап, нукура салттуу ислам философиясын Темиралы пендеге окшоп иликтеп изилдеген чыныгы диний алп Орто Азия чөлкөмүндө жок. Ал эми...

Ал эми, каза тапканына бир жыл болгон чуулуу Чубак беш тонна китеп окуганына карабай, дин тармагында Темиралынын билгенине сезгенине эч карандабай калары да бышык. Агерде Чубак чыныгы шейх ашынган аалым болгондо, ал өзү айткан короно-мароно вирустан дүйнө салбайт болчу. Биринчиден, дал ошол таажы вирус эмес ажы вирусту Меккеге зыйаратка барган молдокелер сакалына жабыштырып, Кыргызстанга алып келип таратышкандары анык эмеспи. Ал опурталдуу ажы вирусту ойунчук катары көргөн Чубак: «Курандын мобул жериндеги аяттан жүз нече жолу кайталап окуп койсо, бир дагы мароно вирус жолобойт» – деп жатып, акыры ошол ажы вирустан дүйнө салып, азыр Чукем бейиште, аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан 72 үр кыздарды бирден тандап, эрмектеп жатса керек. Ошондой эле болсун...

Темиралы Кунашевди кеп кылып жатканымдын себеби, бул итиң, Ырдын пири Ырысбайдын 80 жылдык мааракесине карата чамынып, жетим Ырысбайдын бейнесин ойдо мазасын чыгара эзип жазып жатат. Жөн дагы жазбай, Мелис Арып-Бекке атайылап тийишип, бирде ага өлүм каалап, тогузунчу кабаттан кулаткысы келип, бирде аны аяп, бул дагы бир байкуш пенде арабызда миңдин бири болуп, жашап турсун – деп айкөлдүк кылып жатат. Эми мунун эки эле себеби бар. Бири жакшы көрүп эреркеп эркелегени. Экинчиси, өлөөр эчки койчунун тайагына сүйкөнөрү. Ушул экөөнүн бирөөсү. Кандай болгон күндө да, мен үчүн Кунашев кайталангыс феномен, башкача жаралган табигый кубулуштай көпкырдуу көпсырдуу табышмактуу Атуул!

Кунашевди тагдыр нечен алптар менен тамырлаш, тагдырлаш, табакташ кылып койгон жайы бар. Айталы, чыныгы диний аалымдар жана Айтматов менен жетим Ырысбай Абдыкадыров менен замандаш болгону. Дал ушул өңүттөн алганда, ортого эки кана суроону таштайын. Кыргыз эли, Айтматовтун алгачкы жазган чыгармаларынан канчалык жакшы же жаман жактары жалпыбызга бактысын же кедергисин тийгизди? Кайталаймын, алгачкы талаш-тартышты жараткан чыгармалары. Айталы: «Жамиля», «Биринчи мугалим», «Бетме-Бет», «Ак Кеме» сыйактуу повестери...

Мен бул чыгармалары тууралуу өз ойпикиримди «УНАИС» аттуу даректүү, далилдүү, данектүү китебиме беш жыл мурун кеңири жазып, окурмандардын сыноосунан өткөмүн. Башында мага асылгандар, менин жазгандарыма көңүл кушун бурушуп, айагында мени колдоп, атүгүл, кечирим сурагандары да болушкан...

Ал эми, Айтматовтун чыгармаларын бөлүп-бөлүп карашыбыз абзел. Алгачкы чыгармалары менен кийинки чыгармалардын айырмасы асман менен жердей. Чыңгыздын өзүнө гана таандык чыркыраган ЧЫНДЫГЫ бар! Айтматов адамзаттын гана келечеги эмес, ааламзаттын келечеги үчүн ойлонуп ой жүгүрткөн, чексиздикке жуурулушуп, үндөшкөн ойчул! Бул жагын дагы мага окшоп, бир дагы окурман четин чыгарып, ой калчай элек. Ал эми...

Ал эми салыштырмалуу, Кыргыз калкы үчүн Айтматовтунбу же болбосо, Ырысбай Абдыкадыровдун чыгармалары жандүйнөсүнө жакынбы? Дал ушул эки собол суроого да, өзүңөр жообун издеп, акыл пештеп, ой калчап көргүлө кадырлуу замандаштар...

Жалпыңарга урматым менен Мелис Арып-Бек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости