www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түп районундагы Ысык-Көл айылында жайгашкан мурдагы балдар лагерин обсервация жайы үчүн пайдаланууга айыл тургундары нааразы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Айыл тургундары лагердин жатаканасында суу, дааратканасында шарт жок экенин, имараттын тегерек-чети корулбаганын айтышууда.
«Бул жакка обсервацияга деп элдерди алып келип жатышат. Обсервация кылууга бизде эч кандай шарт жок, имарат эски, терезелери ачык , ажаткана жок. Күндүзү жашоочулардын малы кирип кетет. Эгер обсервацияга адамдар жаткырылса, өзүбүз жана балдарыбыз үчүн кооптонуп жатабыз», - деди айылдын Жыргалбек атту тургуну.
Бүгүн, 1-апрелде Ысык-Көл айылынын чет өлкөдөн кайтып келген 8 тургуну үй карантин эрежесин сактабаганы үчүн милдеттүү түрдө обсервацияга жаткырылган. 8 тургун үй карантиндин шарттарын бузганы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабдын чечими менен жалпы айылдын тургундары дагы изоляцияга алынган.
Бирок, ага карабай тургундар нааразычылык акциясына чыгышты.
Ошондой эле бүгүн белгисиз адамдар аталган жайдын терезелерин сындырып кетишкен. Аталган факт боюнча милиция текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.
Кечээ, 31-мартта Түп районунун эки тургунунан коронавирус аныкталган. Маалым болгондой, 1981-жылы жана 1985-жылы туулган эки жаран Индияга дааватка барып келишкен. Алар Дели—Бишкек каттамы менен 22-март күнү "Манас" аэропортуна келип конушкан. Ал жерден текшерилген соң обсервацияда 2 күн жатышкан. 24-мартта обсервациядан чыгып, үйүнө сапар алышкан. Эки тургун түнкү саат 03:00 чамасында айылга жетишкен.
Эртең менен ФАПтын кызматкерлери аларды текшерүүгө алганда биринин дене табы 37,5 болгон. Ал райондук ыкчам штабдын чечими менен обсервацияга алынган.
Булак: NazarNews.kg