www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын абалы менен таанышуу үчүн жерине Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетектеген топ барган. 

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Көк-Арт дарыясынын сол жээгине болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү түшкөн.

Эске сала кетсек, кечээ, 29-апрелде болжол менен саат 09:30 чамасында Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгине жери көчүп, сууну жаап калгандыгына байланыштуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн – Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун негизинде Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 

Жер көчкүнүн көлөмү 1,5 млн. м3 түзгөн. Анын узундугу 320 метр, туурасы 25 метр, бийиктиги 6 метр (көлөмү 48 000м3) түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости