www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп, анда өлкөдөгү орто жана жогорку билим берүү мекемелериндеги окуучу, студенттерди үч жумага пландалбаган каникулга таратуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине сунуш түшкөн.

Көп өтпөй аталган министрлик окуучу, студенттерди 16-марттан 8-апрелге чейин каникулга таратуу боюнча буйрук чыгарган. Анда каникулга чыккандар бош убактыларын үйдө өткөрүп, аны менен ооруну жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу максаты көздөлгөн. Бирок, тилекке каршы иш жүзүндө окуучу балдар каникулга тараары менен компьютердик клубдарга барып, бош убактыларын күмөндүү чөйрөдө өткөрүүнү туура көргөн учурлар катталууда.

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев, шаар бийлигинин бир катар жооптуу кызматкерлери Бишкек ШИИБнин өкүлдөрү менен бирге калаадагы компьютердик клубдарга баш багып, ал жерде окуучу балдар күнүн өткөрүп жаткандыгына күбө болушту. Компьютердик клубдарда санитардык, дезинфекциялык чаралары көрүлгөн эмес. Балдардын мерчемделбеген каникулга болгон жоопкерчиликсиз мамилеси коронавирусту алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча мамлекеттик штабдын аракеттерине чыккынчылык болууда, - дейт айрым шаар тургундары.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев калаанын базарларын, соода түйүндөрүн кыдырып чыгып, негизги азык-түлүктөргө бааны негизсиз көтөргөндөр ишкерлерге катуу сөзүн айтып, сөөмөй кезеген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости