www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саудия Арабияда ооруканалардын биринде бөбөктү “смайлик” кылып ойногон ак халатчандар коомчулуктта чоң талкууну жаратты. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, бир нече ак халатчандар жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бөбөктү келеке кылып, “смайлик” кылып видеого тартып ойношкон. Аталган тасма интернетке тарагандан кийин бөбөктү “смайлик” кылып ойногон “каармандар” издөөгө алынган.

Бөбөктүн оозун күлдүрүп, бирде бети-башын кысып, бирде көздөрүн көтөрүп ойногон ак халатчандар полиция тарабынан аныкталып, кызматынан айдалган.

Бөбөктүн атасы видеотасманы көрүп шок абалда болгон. “Балам, 10 күн жандандыруу бөлүмүндө ак халатчандардын көзөмөлүндө калган эле. Алардын мындай жорукка бара тургандыгы такыр оюма келген эмес”, деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости