www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Ооруканада соттун  мас кызматкери ызы-чуу салды

Райондор аралык соттун кызматкери, борбордогу ооруканалардын бирине мас алында барып ызы-чуу салган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар, атаган оорукананын дарыгери Эркинбек Дүйшөмбиевдин берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Анын билдиргенине караганда окуя кечээ, 9-февралда  М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда болгон. Анда бутунан жаракат алган кыз тез жардам кызматы менен ооруканага келип түшкөн. Бейтапты коштоп келген мас жигитке,  бинт сатып келүүсү керектигин доктурлар айтканда  ал жинденип ызы-чуу чыгарган. Муну менен катар ал прокуратура кызматкери экенин айтып, дарыгерлерди коркуткан.

Тополоң чыгарган жигит Бишкектин райондор аралык сотунда соттук отурумдун катчысы Улукбек Рысбаев болгон. Ал эми дарыгерлерге көргөзгөн күбөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Ал 2020-жылдын 8-февралына чейин жарактуу болчу.

Ал эми соттук департаментинин маалымат кызматы  Улукбек Рысбаев жумуштан кеткенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости