www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте оорукананын короосунда кайтыш болду деген адам боюнча териштирүү жүргүзөт. Мекеменин маалыматына ылайык, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Кечээ, 26-июнда Kaktus.media маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган кабарга таянсак, Бишкек шаарынын тургуну ооруп жаткан инисин төрт күн бою ооруканага жаткыра албай, акыры ал Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан берген. Кабарга тиркелген видеодон машинанын ичинде каза болгон адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Видеону чөнтөк телефонуна тарткан адам 22-июнда инисинин денеси ысый баштаганын, коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын, ошондон бери 4-ооруканага, андан кийин Улуттук госпиталга жана Чүй облустук ооруканасына жөнөтүп отурушуп, бири да кабыл албай коюшканын айтууда.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдет 4 миңден ашуун адамдан табылды, 43 бейтап кайтыш болду. Оору жуккандардын саны улам көбөйүп жатат. Абал айрыкча Бишкекте, Ошто, Чүй жана Ош облустарында күч алды.

Акыркы учурда денеси ысыгандар коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги денеси ысып, жөтөлүп, бирок анализи коронавирустан таза чыгып жаткандар үчүн кошумча орундарды ачууга мажбур болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости