www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ингушетиянын Магас шаарында бир тууган агасы карындашын өлтүрүп, укук коргоо кызматына өзү кайрылган. Кылмыштын негизги себеби катары, кылмышкер 33 жаштагы бир тууган карындашы абактан качып кеткен Иса Альтемировду колго түшүрүү операциясында укук коргоо кызматкерлеринин ыкчам тасмасына түшүп, үй-бүлөнүн намысын тебеледи деген жүйө менен түшүндүргөн.

Маалым болгондой, Иса Альтемиров аны сотко алып бара жаткан жеринен качып кеткен. Кийинчерээк укук коргоо органдары анын баш калкалоочу жайын аныктап, ал жерге барганда Иса Альтемиров ыкчам топко граната ыргытып, бешинчи кабаттан секирип, каза болгон. Ал калкалаган үйдө андан сырткары, үч адам болгон. Алардын бири маркум кыз. Ыкчам топ үйдү тинтүү маалында кызды тасмага түшүрүп, бирок бетин жашырып, жабышкан эмес. Ошондон улам тургундар кыздын өлүмү укук коргоо органдарынын дагы жоопкерчилигинде дешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости