www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Орозайым Нарматованы Садыр Жапаровдун тарапташтары сотко берет. Бул тууралуу интернет аркылуу Жапаровдун тарапташтарынын бири журналистке кайрылуу жасап жатып билдирди.
“Өзүмдүн жарандык позициямды айткым келди. Орозайым Нарматова деген кызыбыз бар экен. Ал ММКларда “Садыр Жапаровду зектер колдойт” деп ачык эле айтып жатат. Бул сүйлөйм деп атып мыйзамды бузуп алды. Мен аны далилдеп берем. Бизде “Жрандардын укуктарын бузуу” беренеси бар, мындайча айтканда бир топ турган адамдардын моралдык укукгуна доо кетирүү. Сүйлөгөндүн дагы чеги болот. Биз ушул Орозайым Нарматованы мыйзам чегинде сотко беребиз. Айткан сөздөрүнүн баарына жооп берсин. Ушунча эл Садыр Жапаровду колдоп чыкса, капталдан чыгып алып “зек” дегени мыйзам бузуу болуп саналат. Кимди шайлайт, кимди колдойт, ал элдин өз эрки. Эми ушунча журттун баарын “зек” кылып салдыңыз го.
Орозайым Нарматова сизге кайрылуу! Же үч күндүн ичинде видеокайрылуу менен расмий түрдө элдин алдында кечирим сурайсыз, же биз мыйзам чегинде сотко беребиз”,-дейт өзүн Садыр Жапаровдун тарапташымын деп таныштырган жигит.
Булак: NazarNews.kg