www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тула шаарында мас аял коляскадагы баласы менен сейилдөөгө чыгып, кооптуу аракеттерди жасоо менен өспүрүмдөрдүн видеосуна тартылып калган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

15-сентябрда Тула шаарынын тургуну скейт сейил багында мас абалда коляска менен трамплинге чыгууга аракет кыла берген, бирок майнап чыккан жок. Бир нече ийгиликсиз аракеттердин натыйжасында бала коляскадан кулап түштү. Ымыркай ооруканага жаткырылган, анын өмүрүнө коркунуч келтирилген эмес.
"Жыгылуунун кесепетинен ымыркай жаракат алган. Анын энесине Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза
кодексинин "жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" беренеси боюнча аялдын
аракетине процессуалдык чечим кабыл алынып, укуктук баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости