www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова Кыргызстандын элчилери менен онлайн-конференция өткөрүп, инвестиция тартууга көмөктөшүүнү суранды. Бул туурасында МИКтин маалымат кызматы кабарлады.

Конференцияда Абжапарова дипломаттарга кайрылып, жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү үчүн каражаттын тартыш болуп жаткандыгын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө жеңилдетилген ипотекалык насыя алуу үчүн кайрылган алты миңге жакын арыз бар. Аны аткаруу үчүн сегиз миллиард сомдон ашык каражат керектелет. Жыл сайын турак жайга жана үйүнүн шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын саны өсүп жатат. Маалыматтар боюнча андай үй-бүлөлөрдүн саны 166 миңден 250 миңге чейин жетет", — деди МИКтин башчысы.

Буга байланыштуу элчилерден ипотека секторуна каражат тартуу максатында инвесторлорду табууга көмөктөшүүнү суранды.

Белгилей кетсек, онлайн-конференция МИКтин демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин колдоосунда өттү. Ал эми онлайн жолугушууну Тышкы иштер министрлигинин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев алып барды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости