www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омутай Егимбаев 101 жашында дүйнө салды.

Омутай Егимбаев 1919-жылдын 5-майында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында туулган.

1937-жылы Пржевальсктагы зооветеринардык техникумду аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Чаткал районунун башкы ветеринардык врачы болуп баштаган. Андан соң Сузак районунун ветеринардык участогунун башчысы болуп иштеген. 1939-жылдын октябрь айында Кызыл армиянын катарына чакырылып, 1946-жылдын июнь айына чейин аскердик кызматын өтөгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, экинчи топтогу майып.

Советтик армиянын катарынан демобилизацияланган соң Кыргыз ССРдин Бүткүл союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитетинде пропаганда бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген. Кыргыз ССРдин коммунисттик партиясынын борбордук комитетине (КП БК) караштуу республикалык партиялык мектепти аяктап, 1952-жылы Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин партиялык бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, бөлүм башчысынын орун басары болуп бекиген.

1955-1958-жылдары Москва шаарындагы КПСС БКга караштуу жогорку партиялык мектепте билим алган. Окууну аяктаган соң Талас облусунун Киров райкомпартиясынын биринчи катчысы болуп шайланган. 1962-жылкы КПСС БКнын март айындагы пленумунун чечими менен Кыргызстандын КП БКнын бюросу Омутай Егимбаевди Токмок шаардык Чыгыш-Чүй өндүрүштүк башкармалыгы боюнча компартиянын борбордук комитетинин парторгу кылып жөнөткөн. Ал жерде 1962-1963-жылдары иштеген. Парторгдор институту жоюлган соң 1963-жылы Чүй-Токмок райондук аткаруу комитетинин төрагасы, андан соң 1964-жылы Кемин райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган.

1968-1985-жылдары Кыргыз ССРдин Министрлер Кеңешинин аппаратында кадрлар боюнча улук референт болуп иштеген. 1985-жылдын сентябрь айынан тартып өзгөчө салымы үчүн персоналдык пенсионер болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз ССРдин Жогорку Советинин ардак грамотасы жана грамотасы менен сыйланган. Эки ирет Жогорку Советтин 5-6-чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Советтин сессиясынын чечими менен бюджеттик комиссиянын төрагасы болгон. Ошондой эле Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин мүчөсү, мүчөлүгүнө кандидат жана борбордук комитеттин ревизиялык комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

Персоналдык пенсияга чыккан соң 17 жыл бою Бишкек шаардык Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылдын ардагерлер кеңешинин мүчөсү, президиумунун ардактуу мүчөсү болгон. 1993-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кеңешинин иш башкармалыгынын эмгек жамаатына караштуу ардагерлер кеңешинин төрагасы болгон.

Омутай Егимбаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 18-сентябрда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өтөт.

Омутай Егимбаев — каарман-жеңүүчүлөрдүн муунунун жаркын өкүлү. Мыкты жеке адамгерчилик сапаттары, эмгекчилдиги, фронттогу, кызматтагы жана жашоодогу талыкпас тажрыйбасы аркылуу жалпыбызга чыныгы кайратмандыктын жана патриотизмдин үлгүсү болуп келген.

Омутай Егимбаевдин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Боронов К.А., Калиева Г.У. Дүйшөмбиев Р.С., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д.А., Темиралиев Т.А., Сагынбаев Д.К., Бекбоев Т.Б., Тердикбаев Э.Ж., Саргазаков К.С., Косатых В.А., Ибраев М.И., Абытов А.А., Осмоналиев А.Ш., Мамаев Р.Д., Жээналиев А.Ж., Жанузаков А.К., Суракматов А., Саккараев М.С.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости