www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыланды мойнуна асып алып, автобуска түштү...

Акылга сыйбас окуя Англиянын Манчестер шаарында катталды. Ысымын айтууну каалабаган бир адам мойнуна жылан асып алып, коомдук транспортко түшкөн. Бул тууралуу milliyet.com.tr  жазган.

Англиянын Манчестер шаарындагы Свинтон аймагында бир киши жыланды бет кап кылып оронуп алып, автобуска түшкөн. Окуя тууралуу автобустагы жүргүнчүлөрдүн бири: “Абдан кызыктуу болду. Жыланды байкай электе адам башкача бет кап тагынып алган го деп ойлогом. А жылан болсо эч кимге зыян берген жок”, деди.

Аймактык транспорт мекемесинин өкүлү бул тууралуу: “Мамлекет тарабынан жасалган билдирүүдө бетти коргоо үчүн медициналык бет кап милдеттүү эмес, жүргүнчүлөр өзүнө ылайыктуу бет кап колдоно алуу укугуна ээ. Ал эми жылан терисин колдонууга уруксаат жок, айрыкча жылан тирүү болсо”, деди.

Белгилей кетсек, өткөн айларда пандемиядан улам Англияда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу эрежеси киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости