www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде 95-орунга илинди. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Республика бир дагы оюн өткөрбөгөнүнө карабастан рейтингде бир тепкичке жогорулады (август айында команда 96-орунда болчу).

Ал эми биринчи орунду Бельгия, экинчини Франция ээледи. Ал эми үчүнчү сапта Бразилия болсо, кийинкилерде Англия менен Португалия турат.

Кыргызстандын коңшуларынын рейтинги төмөнкүчө: Өзбекстан 85-орунда, Казакстан 118, Тажикстан 122-сапта турат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости