www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров USAIDдин өкүлдөрү Вашингтондогу USAIDдин штаб-квартирасынын алдындагы демократия, адам укугу жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Борбордун укук үстөмдүгү боюнча  улук кеңешчиси Эндрю Соломон жана Кыргыз Республикасындагы USAIDдин демократия жана  мамлекеттик башкаруу Миссиясы боюнча  бөлүмдүн директору Ноэль Бауэр менен онлайн жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, тараптар сот системасы менен болгон кызматташтык, ошондой эле “2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашырууда  колдоо көрсөтүү,  адам сатууга каршы күрөшүүдө сот тутумунун ролу жана башка маселелерге токтолушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости