www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“MTV-Россия” телеканалынын мурунку алып баруучусу Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов Фейсбук баракчасында жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-августта Москва убактысы боюнча саат 12.00дө Артур Цветков адвокаты менен келген.
Биздин тараптан Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлү, ошондой эле элчиликтин миграция кызматкерлери жана Мигранттарды колдоо фондунун өкүлдөрү келишти. Тараптар сүйлөшүү столуна отуруп, келип чыккан жаңжалды талкуулашты, андан кийин журналисттер келип, бардыгын видеотасмага тартышты.
“Бизден улуу эжелер да айтышты. Бизге мындан ары конфликтин керегеи жок. Өзү биринчи кечирим сурады. Кечирдик”,- деди кыргызстандык Манап.
Эске сала кетсек, окуя 11-августта катталган. Анда Москвадагы кафелердин биринде теле алып баруучу Цветков менен кыргызстандык жарандын ортосунда жаңжал чыккан. Алып баруучу мекемеге бет капты туура эмес тагынып кирген. Мындан улам тамак-аш пунктунда иштеген кыргызстандык бет капты туура кийүүнү суранган. Алып баруучу агрессивдүү жооп кайтарып, орой мамиле кылып, кызматкерге кол салган. биринде теле алып баруучу Цветков менен кыргызстандык жарандын ортосунда жаңжал чыккан.
Бул чыр коомчулуктун сынына калып, түрдүү пикирлер айтылууда.
Булак: NazarNews.kg