www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Хабаровск шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык эмгек мигрантын кармоо учурунда ок чыгарган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-августта автобекеттин аймагында укук коргоо кызматкерлери рейд учурунда 20 жаштагы кыргызстандык С.Р. аттуу жарандын уруксат кагаздарын текшерүүнү каалаган. Ал унаасы менен качууга аракет кылып, полиция кызматкерин сүзгөн.

Белгиленгендей, кыргызстандыктын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу үчүн курал колдонулган, анын натыйжасында С.Р. октон жараат алып, колго түшүрүлгөн. Азыр жигит оор абалда ооруканада жатат.

Факты боюнча РФнын Хабаровск аймагы боюнча тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси «Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси жана Хабаровск шаарындагы консул С.Р.нын жакындары менен зарыл болгон консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн байланышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости