www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-октябрда Орусиянын Курск облусунда окуган өзбек студенттери соцтармактар аркылуу Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдоп, аларды Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга которууну өтүнүштү.

Алардын айтымында, Курск облусу Украинанын Сума шаары менен чектешкендиктен, "атайын операциянын" таасири студенттер окуган райондо катуу сезилип жатат.

"Тёткиного күн сайын снаряддар түшүп жатат. Бизден 30 чакырым аралыкта жайгашкан Курск АЭСи үч жолу чабуулга кабылды. Коңшулаш Белгороддо жашоочулардын көбү көчүрүлдү, окуу онлайн режимине өттү", - деди студенттердин бири.

"Урматтуу Шавкат Мирзиёев, биздин окуубузду Өзбекстандагы медициналык жогорку окуу жайларга которууну сурайбыз", деп айтылган билдирүүдө.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги абалды өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин дипломаттары иликтеп, көйгөйлөрдү чечүү үчүн Курск облусуна кетишкенин маалымдады.

Ошол эле маалда Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өзбек жарандарына Украинадан чыгып кетүү кеңешин берүүдө.

Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 10-октябрда таңга жуук Украинанын Киев баштаган бардык ири шаарларына ракета менен сокку урулган. Жыйынтыгында 14 адам өлүп, 97 киши жарадар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости