www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тааныш-билиш жок болсо, кыйналып араңдан зорго жумушуңду бүтүрөсүң. Мындай пикирин депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Мамлекеттик бажы тармагы боюнча маселени көтөргүм келет. Россия Федерациясы санкцияга кабылгандан бери Кыргызстан аркылуу Дубайдан, Грузиядан биздин жарандарыбыз унаа алып барып сатып, тиричилигин кылып жатышат. Бирок, ошол эле убакта келген унааны Аламүдүндө өзүнчө бир, Автобазарда, Ошто бир бажылык тариздөө кылынат экен. Бирдиктүү тариф жок, башаламан баары. Мамлекетте бажы тармагында бир тараптуу саясат жүрсө жакшы болмок. Ал жерде таанышың болсо, ишиң жеңил өтүп кетет. Тааныш-билиш жок болсо, кымбат жана кыйналып араңдан зорго жумушуңду бүтүрөсүң. Бизге ишкерлер кайрылып жатат", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости