www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль: Путин Эрдоган менен Казакстанда жолугушат

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда Казакстанда өтө турган саммитте Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Украинадагы согуш жана орус-түрк эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болот.

Күн мурун AFP жана dpa агенттиктери Түркиянын расмий адамдарына шилтеме кылып, Эрдоган менен Путин Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити учурунда Астанада жолугуша турганын кабарлашкан.

Буга чейин Түркия менен Орусиянын лидерлери сентябрдын ортосунда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан.

НАТОго мүчө Түркия Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери өзүн Киев менен Москванын ортосунда ортомчу катары көрсөтүп келет. Анкара Москваны сындап, ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана каржылык санкцияларына кошулган эмес.

Эрдоган согушту токтотуу үчүн Путин менен Зеленский сүйлөшүүлөрдү баштайт деген үмүтүн билдирген.

Өткөн жумада Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу март айында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев менен Москва дипломатиядан алыстап кетишкенин айткан. "Украин-орус согушу созулган сайын кырдаал начарлагандан начарлап баратат. Ок атышуу болушунча тез аранын ичинде токтотулушу керек. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы болот", – деген Чавушоглу.

Путин украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдарынан кийин өткөн айда Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөп турган аймактарында "референдум" өткөрүп, алар Орусиянын курамына кошулганын жарыялаган. Ал Москва Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин да билдирген. Бирок Зеленский Путин менен сүйлөшүү ыктымалдыгын четке кагып, Украина Орусиянын Путинден кийинки президенти менен гана сүйлөшөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости