www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларынын токтотулушу боюнча комментарий берди. Министрдин айтымында, Казакстандын катышуусу боюнча баары туруктуу, деп билдирет Tengrinews.kz.
Журналисттер бир катар мамлекеттер машыгууга катышуудан баш тартканын эске алып, министрден ЖККУ кризиси келдиби деп сурашты.
«Эч кандай кризис жок. Мамлекетибиздин катышуусу боюнча бизде баары туруктуу. Казакстан өз милдеттенмелерин, биз алдын ала бекиткен иш пландарын аткарып жатат. Ошондуктан, кандайдыр бир дүрбөлөң же кандайдыр бир көйгөйлөр жөнүндө сөз кылуунун мааниси жок. Мамлекетибизге, мыйзамдарыбызга таяналы. Биз бардык белгиленген стандарттарды сактайбыз, бизде баары өз тартибинде. Бүгүнкү күнгө чейин бизде эч кандай көйгөй жок. Баары келишимдик милдеттенмелердин алкагында», - деди Жакшылыков.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен машыгууларды токтоткон. 10-14-октябрга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктүн «Эдельвейс» окуу борборунда «Көкпөгөн бир туугандык – 2022» командалык-штабдык машыгуулары өтмөкчү.
Булак: NazarNews.kg