www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Башкы прокуратурасы өлкө аймагында "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын" террордук уюм деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу мекеме башчысы Игорь Краснов Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукканда билдирди.

Краснов тажик кесиптешинин айрым уюмдарды террористтик деп таануу өтүнүчү Орусияда каралганын айтты. "Биз Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясын террордук уюм деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылдык", – деди Краснов.

"Күйөөм мени чыккынчынын кызы деп сабап, ажырашарын айтты". "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын" камактагы мүчөлөрүнүн жакындары кандай жашап жатышат?

 

Тажикстандын бийлиги 2015-жылы "Ислам кайра жаралуу партиясы" менен анын жетекчилигин өлкөдө куралдуу төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптаган. Тажикстандын Жогорку соту Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен партияны террордук уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" өлкөдөн чыгып кеткен лидерлери төңкөрүш жасоо аракети тууралуу айыптоолорду четке кагып, тажик бийлиги мындай жол менен оппозициядан арылып жатканын билдиришкен. Бийлик партиянын саясий кеңешинин 14 мүчөсүн кармап, алар узак мөөнөттөргө соттолгондон кийин ондогон партия мүчөсү Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости