www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2020-жылдын 28-майында өлкөбүздө илдетти жуктуруунун жаңы 74 учуру катталып, жалпы 1594кө жеткен. Анын 34 учуру Ош шаардык төрөт үйүндө катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен. 

Маалыматка ылайык, бардык учурлар кайталанып алынган ПЧР-диагностикасында маалым болгон. “Жалпысынан 15 медицина кызматкери, 14 жаңы төрөгөн энелер жана 5 ымыркай илдетти жуктуруп алышкан”, - деп айтылган кабарда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен аталган мекеме оорунун учуру билингенде эле карантинге жабылып, обсервация түзүлгөнүн белгилешкен.

Бүгүн дагы  14 күн обсервацияда кармалаарын билгенден кийин төрөт үйүндө анализи таза чыккан келиндер жана алардын жакындары  да илдетти жуктуруп алуу коркунучу бар болгондуктан нааразычылыгын билдиришкен. Төрөт үйүндөгү обсервацияда жалпысынан 200дөй адам бардыгы айтылды.

Анализи таза чыккан келиндер үй карантинине жиберүүнү суранып, майнап чыкпагандан кийин медиктерден эмне үчүн мындай чара колдонулуп жатканын түшүндүрүүнү талап кылган. Видеотасмадагы келиндер "медицина кызматкерлери өздөрү коргоочу костюмдарды кийип алган, ал эми бизде эч нерсе жок. Бизге да илдет жуктуруу коркунучу чоң да" деп нааразычылыктарын айтып жатканын көрүүгө болот. 

Буга улай бүгүн аталган төрөт үйүндө иштеген медайым да андагы шартка байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразычылыгын билдирген. Анда медайым төрөт үйүндөгү тамак-ашка, жуунучу жайларга, ажатканага жана айлык маянанын аздыгына даттанып, балдарын эки айдан бери көрө электигин айткан. Мындан сырткары, 4 миң сом айлык маяна алган ишинен айрылып калуу коркунучу да бар экенин кабарлаган.

У меня родственница 11 го мая родила. 13 го готовили к выписке и вдруг роддом закрыли на карантин, у одной медицинской...

Опубликовано Хулькар Исамовой Среда, 27 мая 2020 г.

Жогорудагы журналист жарыялаган билдирүүдөн улам төрөт үйүндөгү шарттын чындыгында начар экенин билүүгө болот. Билдирүүнүн автору Саламаттыкты сактоо министрлери тиешелүү иштер боюнча жеткиликтүү чара көрбөгөнүн, жаңы координатор шартты жакшыртууга аракет кылганы менен анын ишин жетекчилик баары бир баалабай турганын айткан. 

Төрөт үйүндөгү начар шарттар боюнча айткан медайымдын сөзүн аталган обсервациядагы NazarNews маалымат агенттигинин окурманы да тастыктады. 

"Анализдери таза чыкса дагы эмне үчүн 14 күн обсервацияда кармалышат?",- деген сурообузга Саламаттыкты сактоо министрлигинен алар байланышта болгондор катары обсервацияда жатышы керектигин билдиришти.

Эске сала кетсек, 25-майда Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял экинчи анализинин жыйынтыгын күтпөй чыгып кетип, кайра ооруканага жаткырылган. Аларга иш козголгонун Нарын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости