www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто прокуратура карапайым элдин иштерин карабайт. Мындай пикирди бүгүн, 8-июнда Ош облусунун прокуратурасынын алдына митингде Ош шаарынын тургуну айтты.

--“Мен жер боюнча маселе болуп барбаган жерим, какпаган эшигим калган жок. Бул органда иштеген адамдар карапайым элди карап, көйгөйүн угушу кыйын экен. Канча жылдан бери самсалап жүрөбүз. Же биздин сөзүбүздү уккан адам жок. Биздин айыл өкмөттө иштегендер жерлерди бөлүп, кээбир жерлерин сатып жиберишиптир. Айрымдарыбыздын кызыл китептерибиз жок. Мисалы, азыр үйүмдө балдарым, келиндерим жана неберелим баары бир турат. Алар батышпай калды. Жер беришсе, үй салып бөлүнүшмөк.

Бизге тиешелүү жерлерди менчиктештирип каалагандай калчап алышкан. Ушул жер чечилип калса деген эле ниет. Прокуратура, тергөөчүлөр акчасыз карашпайт экен. Акчалуулардын сөзүн сүйлөп, кетирип салышат. Каражатың жок болсо адам эмес экенсиң. Ошондуктан биз митингге чыгып элдин көйгөйүн чечпеген адамдардын жумуштан кетүүсүн талап кылабыз. Биз айыл өкмөткө кирсек бизге башканы сүйлөшөт. 

Акимге чейин бардым, азыр бийликтегилерге кайрылам. Президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге чейин барам. Биздин айыл өкмөткө кирсек, ана-мына берем деп алдап жолго салышат”, - дейт жергиликтүү тургун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости