www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппарат Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин кайрылуусуна жооп берди. Пара талап кылууга шектелген Министрлер Кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары - мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жолдогон ачык кайрылуусуна байланыштуу төмөндөгүдөй түшүндүрө беребиз:

Буга чейин 2018-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында сынак жарыялоо үчүн мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун өткөрүү тапшырылган.

2019-жылы мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталында сынактын катышуучуларынын баа боюнча сунуштары автоматтык түрдө ачылган. 

Анын жыйынтыгы менен кытай компанияларынын бири (Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd) жеңүүчү деп табылган. Компаниянын сунуштаган баасы 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сомду түзгөн. 

Бул МТБМК тарабынан аныкталган 5 миллиард 791 миллион 764 миң 960 сом өлчөмүндө сатып алуунун пландаштырылган суммасынан 54,2%га төмөн болгон. Тагыраагы 3 000 000 000 
(Үч миллиард) сомго арзан болгон. Сапаты да жогору болгон. 

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин өз линиясын боюнча ишке ашырууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга аргасыз болгон.

2021-жылы дүйнөлүк экономикалык кырдаалдын өзгөргөндүгүнө карабастан, аталган компания «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин мурда бекитилген суммада (2 654 558 940 сом) ишке ашырууга даяр экендигин билдирген. Эми аягына чыгарганы турушат. 

Ага карабастан, тергөөнүн версиясы боюнча, Азамат Дыйканбаев да арасында болгон чиновниктердин тобу башка компанияларды тартуу менен «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин 5 000 000 000 (беш миллиард) сомдон ашык жогорулатылган баа менен ишке ашырууга түздөн-түз кызыкдар болгон. 

Учурда компетенттүү органдар тарабынан бул кылмыш иши тергелип жатат, тергөөнүн ар тараптуулугу жана объективдүүлүгү камсыздалышы зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар келип чыккан бардык жагдайларды эске алуу менен акыркы чекитти коёт.

Ошол эле учурда, бул иштеги тараптар тергөөнүн жүрүшүн жана коомдук пикирди өздөрүнө ыңгайлуу жакка бурууга аракет кылбоосу маанилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости