www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш эл башкаруучулар каякка учат?

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка»-дейт, 35 жашка чыга электе жогорку кызматка барган жаштардын тизмесин карап көрөлү. Арасында 30 жашында министрдин креслосуна отургандар бар. Азыркы маалда көпчүлүк бийликке, өкмөткө, жогорку кызматка жаштардын келишин талап кылып, аларга мүмкүнчүлүк берүүнү суранууда. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөн, бирок чекесинен кайра жаңыланып, арасына жаштар кошула баштады. Белгилей кетсек, КР мыйзамындагы 2009-жылкы "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жобо боюнча 14-28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет. СССР убагында бул категорияга 35 жашка чейинкилер кирчү. Азыр жети жашка кичирейсе да 35 жашка чейинки аткаминерлерди карап көрөлү:

Дастан Догоев

Вице-премьер-министр, сан арипти өнүктүрүү министри. 35 жашка чыга электе жогорку кызматка келгендердин арасында Дастан Догоев дагы бар. Ал 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Лондондогу Кавендиш колледжинде бизнести башкаруу адистигин жана Кингстон университетинде бизнести башкаруу адистиктерин аяктаган. 2012-жылы 26 жашында Каржы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 28 жашында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, 31 жашында аталган кызматтын жетекчиси болгон.

33 жашында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп бир жыл иштеп, андан кийин кызматты өз каалоосу менен тапшырып кеткен. Бирок ал санариптештирүү маселелери боюнча КР президентинин кеңешчиси бойдон калган.

Азамат Дыйканбаев

Жаш вице-премьер Азамат Дыйканбаев эки жума иштей элек жатып суук тумшугун пара алуу менен булгап алган. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясына келишимди узартуу максатында 2 млн 600 миң сом пара алып жаткан кезде кармалган. 2021 жылдын 5 майында өкмөт башчынын вице-премьери болгон отуздун тегерегиндеги министр Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович 15 күндөн кийин 20-майда, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнөн бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылган. Дыйканбаев убактылуу камакка алынган.

Султанбаев Эрбол

Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы, 1991-жылы туулган. Галина Байтеректин ордуна келген. Султанбаев Эрбол Атамбаевдин пресс-катчысы Жанар Акаевге окшоп алыска секирип, өз кожоюнун капа албас бекен?

Марипова Адинай

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси. 1993-жылы туулган. Белгилүү журналист Марип Тайчабаровдун кызы.

Артем Новиков

Кыргыз-орус өнүктүрүү банкынын жетекчиси, ага чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө биринчи вице-премьер,болуп, 2020-жылдын аягында 2021-жылдын башында кыргыз өкмөтүн убактылуу жетектеген. Андан тышкары 35 жашка чыга элек жатып Новиков бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. Новиков 1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган.

2011-жылы 24 жашында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси болгон. 27 жашында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин, 28 жашында биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин кеңешчиси катары иштеген. 30га чыкканда Новиков экономика министри болсо, Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн жаңы түзүмүнө кирип, биринчи вице-премьер болуп дайындалган. Ошондой эле Кыргызстандын ЕЭКтеги өкүлү.

Элмырза Үкүбаев

Жаштар келсе эле оңдурат дегени ишеним бар эле. Садыр Жапаров октябрь башаламандыгынан соң бийликке келип бир топ иштеп жаткан адамдарды кызматынан бошотуп, ордун Ленин мамлекетти электрлештиргендей, Жапаров мамлекети “балашкалаштырып” жиберди. Ошолордун бири президенттин кеңешчиси Акылбек Жапаров ай-жылдызга теңеп кызматка алып келген, анын жардамчысы, 33 жаштагы Элмырза Үкүбаев болгон. Үкүбаев үкабыз депутат Акылбек Жапаровдо жардамчы болуп жүрүп, ичип-жегенди ой-да үйрөнгөн кыраан экен. Президентке кеңешчи Жапаровдун сүрөөсү менен Атамбаев Алмазбектин убагынан бери “Кыргызалтында” иштеп, Тогуз-Тородогу “Макмалалтындын” чуулгандуу иштерин басып келаткан Алмазбек Алимбековду кепек ордуна көрбөй 2020-жылдын 13-ноябрда анын ордун тартып алат. 13-ноябрда “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Үкүбаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып, дайындоо чечими кабыл алынган. Албетте, бир эмес эки Жапаров бата берип жатса, өзү “балашка” болсо, ал чоң кызматка келбегенде ким келет эле? Бул шүдүңгүт “балашка” Үкүбаев үкабыз толук үч ай иштей электе эле жаштарды уят кылып кекиртегин тыя албай, коррупция беренеси менен кармалып отурат. Үйрөткөнү Жапаров болсо, үйрөнгөнү Үкүбаев эмнени жасамак эле?

Акылбек Жамангулов

Акылбек Жамангулов 30 жашында "Альфа Телеком" компаниясынын (MegaCom бренди) башкы директору болгон. Ал 1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында туулган. Кыргыз-Орусия Славян университетинин каржы жана насыя адистиги, КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алган. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юриспруденция адистигин бүтүргөн. Жамангулов 2015-жылы 27 жашында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болгон. Ал эми 30 жашында "Альфа Телеком" компаниясын (MegaCom бренди) жетектей баштаган.

Жаныбек Абиров

Жаныбек Абиров 1988-жылы 22-декабрда төрөлгөн. Кыргыз-Орусия Славян университетин жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын юриспруденция, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу менеджементи адистиги боюнча аяктаган. 2018-жылдын 20-сентябрында 30 жашында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Азамат Жаманкулов

Азамат Жаманкулов 1987-жылы туулган. Кыргыз-түрк "Манас" университетин ишканадагы менеджмент, 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы 27 жашында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалса, 31 жашында маданият министринин креслосун ээлеген. Бул кызматта эки жыл эмгектенген соң 2020-жылдын октябрь айында жумуштан бошотулган. Кыргыз, казак, орус, түрк, англис тилдеринде сүйлөйт.

Алтынбек Исмаилов

Алтынбек Исмаилов 2020-жылы июнда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган. 1986-жылы 12-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. Борбор Азиядагы Америка университетинин банк иштери, Колумбия университетинде экономикалык өнүгүү адистигин аяктаган.

Тилек Токтогазиев

Тилек Токтогазиев 30 жашында Текебаевдин көмөгү менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болгон. Ал 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Россия Славян университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн. Алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган "Лависта" ишканасын негиздеген. Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү. 2019-жылы "Бир Бол" фракциясынын атынан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине талапкер болгон, бирок кызмат буюрган эмес. 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" саясий партиясы менен аттанган. Тилекке каршы, партия парламентке өтпөй, элдик толкундоонун натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы расмий жокко чыгарылган. 2020-жылдын 22-октябрында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалып, кийин өткөрүп берген.

Мирлан Парханов

Мирлан Парханов 1986-жылы туулган. 2016-жылдын ноябрь айынан бери Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ал убакта 30 жашта болчу. Ага чейин вице-премьердин жардамчысы, президенттин аппаратында референт, социалдык саясат бөлүмүндө эксперт, мындан сырткары, бир нече уюмда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик университетин уюмдун менеджменти адистиги боюнча аяктаган. 2018-жылы ал Орусия президенти Владимир Путинден медаль алган. Аткаминер мындай сыйга 2017-жылы Сочи шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалын уюштурууга кошкон салымы үчүн татыган.

Элдар Алишеров

Элдар Алишеров Бишкек шаарында туулган. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде экономика факультетин аяктаган. Ал 2018-жылдын 23-июлунда 33 жашында экономика министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин өкмөттүн аппаратында бир катар кызматтарды аркалаган. Жеке менчик уюмдарда жана банктарда иш тажрыйбасы бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости