www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Татарстандын (Россия Федерациясы) премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады, ошондой эле өз-ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү аракеттешүүнү активдештирүү боюнча пикир алмашты, деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

«Татарстан менен өз-ара пайдалуу байланыштарды тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин элдерибиздин тили, дини, маданияты, салт-санаасы окшош болуп саналат жана аларды чыңдообуз зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Василь Шайхразиев Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун саламын жолдоп, кызматташтыкты активдештирүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрин белгиледи.

Ошондой эле ал Казань шаарында ишкер чөйрө өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө республикалар ортосунда кызматташтык тууралуу ондон ашуун келишимдерге кол коюлгандыгын эске салып, татар тараптын билим берүү жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыктардыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жыйынтыгында Марипов жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Татарстандын премьер-министринин орун басарын Сабантуй элдик майрамы менен куттуктап, бул майрам татар-башкыр маданиятын жайылтууда, элдер ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү элементтердин бири катары саналаарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости