www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кылмышкерлерге гумандуулук бар болушу керек деген жаңылыштык”, - деди NazarNews маалымат агенттигине ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев.

--“Мен өмүр бою эле ИИМдин кылмышкерлер менен күрөшүү тармагында иштедим. Совет дорунда милиция кызматкерлерге уруксат берилген жазык кодекстер бар эле. Азыркы кодексте тергөөчүнун сушуну, жолдомосу менен иштеп, ылдыйлап кетти. Тактап айтканда сапатын начарлатышты. Булар кылмышкерлер менен кантип күрөшөт? Анан кантип кылмыштуулук азайсын. Ал эми арыз жазгандарга гумандуулук жок, кылмышкерлерге гумандуулук бар болушу керек экен. Кылмышкерлерге гумандуулук бар болушу керек деген жаңылыштык.

Ал эми азыркы кодекстерге өзгөртүү киргизип, ыкчам иликтөө кызматкерлерине уруксат берилиши керек. Алар тергөөчүнү күтүп турбашы керек. Алдынала кылмыштарды билип калышса, алардын бетин ачып, оор кылмыштарды болтурбоого бөгөт коюшат. Болбосо дагы ар кандай жаман окуялар каттала берет”, - дейт Жоошбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости