www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда аял кишини 3 эркек тепкилеп уруп сабап салды деген видео-тасма тараган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы төмөнкүчө билдирди.

«Сабалды деген аялдын арызы боюнча текшерүү жүрүп жатат. 2020-жылдын 3-июль күнү Кара-суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну, 1976-жылы туулган А. С (аял киши) арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 3-июль күнү саат 14:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында өзүн жана баласы 2009-жылы туулган Ө.Уну, Ош шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган А. Р., Кара-суу районунун Жапалак айылынын тургуну, 1976-жылы туулган А. А, Кара-суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 1997-жылы туулган А. Б аттуу атуулдар уят сөздөр менен сөгүп, уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Натыйжада арыздануучу С.А (аял киши) денесинен жараат алып Ош шаардык ооруканага кайрылган.

Аталган факты 2020-жылдын 3-июлунда Кара-Суу РИИБдин КЖБРне КР ЖКнин 266-бер. 1-бөл негизинде катоого алынып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерге Кара-суу райондук ички-иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу чыгып, кароо жургузулуп, тийиштүү материалдар чогултулган.

Ошондой эле аталган окуя боюнча арыздануучу С.Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча тиешелүү материалдар топтолуп Кара-суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган А. Р, Кара-суу районунн Жапалак айылынын тургуну, 1976-жылы туулган А.А, Кара-суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 1997-жылы туулган А. Б тергөө кызматына камсыз болуп тергөөчү тарабынан суракка алынды.

Андан сырткары ушул окуяга байланыштуу Ош шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган А. Р арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 2 июль күнү саат 12:00 чамасынд Караа-суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында окуя болгон жерине барган учурда А. С аттуу аял эч бир себепсиз уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген. Бул факты 2020-жылдын 3-июль күнү Кара-Суу РИИБдин КЖБРне КР ЖжКнин 66-бер. 1-бөл. менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Эки тараптын ортосунда ызычуунун себеби болуп Кара-суу районун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында орун алган 0.4 сотик болгон жер тилкеси болуп эсептелет. Талаш жер бир учурда эки адамга сатылгандыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости